13:39, 17-апрель, 2026

Жыл сайын скринингдин натыйжасында угуусу бузулган 50-60 ымыркай аныкталууда

На русском
09:33, 17-апрель, 2026 252

АКИpress - Жыл сайын Кыргыз Республикасында неонаталдык скринингдин аркасында ондогон тубаса оорулар эң алгачкы баскычтарда — клиникалык белгилери пайда боло электе эле аныкталат. Бул өз убагында дарылоону баштоого жана баланын ден соолугу үчүн оор кесепеттерди алдын алууга мүмкүндүк берет, деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 2019-жылдан бери жаңы төрөлгөн ымыркайларда тубаса ооруларды эрте аныктоого багытталган неонаталдык скрининг бөлүмү иштеп келет.

Эгерде 2019-жылы скрининг бир гана тубаса гипотиреозду аныктоого багытталса, бүгүнкү күндө программа кеңейтилип, үч ооруну камтыйт: тубаса гипотиреоз, фенилкетонурия жана адреногениталдык синдром.

2020-жылы тубаса гипотиреоз боюнча 24 427 изилдөө жүргүзүлсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 84 216га жеткен.

2023-жылдан тартып фенилкетонурия боюнча текшерүү киргизилип, 2025-жылы 49 713 жаңы төрөлгөн бала текшерилген.

2025-жылдын апрелинен тартып адреногениталдык синдром боюнча скрининг жүргүзүлүп, анын алкагында 60 753 изилдөө аткарылган.

Мындан тышкары, борбордо эрте диагностика боюнча башка багыттар да өнүгүүдө. 2025-жылы аудиологиялык скринингдин алкагында 24 400 жаңы төрөлгөн бала текшерилген.

Скрининг программаларын киргизүүнүн аркасында жыл сайын Кыргызстанда орто эсеп менен:

— 30–40 балада тубаса гипотиреоз,

— 2–3 балада фенилкетонурия,

— 50–60 балада угуунун бузулуусу,

— 90–100 балада ара төрөлгөндөрдүн ретинопатиясы аныкталууда.

Балдар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун адистеринин көзөмөлүндө болуп, зарыл болгон дарылоону алышат.

«Неонаталдык скрининг программасын ишке ашыруу ооруларды эрте этапта аныктоого жана дарылоону өз убагында баштоого мүмкүндүк берип, майыптык коркунучун олуттуу азайтып, балдардын жашоо сапатын жакшыртат», - дейт министрлик.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»