08:48, 19-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
17:19, 17-апрель, 2026 (11 адам окуп жатат)
Президент референдум жөнүндө жаңы мыйзам сунуштады
10:18, 17-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Жалал-Абад милициясындагы жетекчи кармалды

Иран соода кемелери үчүн Ормуз кысыгын ачты

На русском
19:37, 17-апрель, 2026 1065

АКИpress - 17-апрелде Ирандын тышкы иштер министри Сейед Аббас Арагчи Ормуз кысыгы соода кемелери үчүн ачылгандыгын билдирди.

Ал социалдык тармактагы баракчасына жазгандай, Ливандагы ок атышууну токтотуу режимине ылайык, бардык соода кемелери үчүн Ормуз кысыгы толугу менен ачык.

АКШнын президенти Дональд Трамп «Truth Social» социалдык тармагындагы баракчасында: «Иран кысыкты [Ормуз кысыгы] толугу менен ачык деп жарыялады. Рахмат!», - деп билдирүү калтырды.

Маселе тууралуу

Иран АКШ жана Израилдин кол салуусунан кийин Ормуз кысыгын жаап салган, бул мунай жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратып, энергетикалык ресурстардын баасынын өсүшүнө алып келген.

2026-жылдын мартынан баштап Тегеран бул жолду жарым-жартылай: алгач дос мамлекеттердин (Россия, Кытай, Индия, Пакистан, Ирак) кемелери үчүн ача баштаган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»