04:16, 21-апрель, 2026

Спортколледждин директору Айбек Ташматов абакта калтырылды

На русском
15:54, 20-апрель, 2026 773

АКИpress - 10-апрелде Биринчи май райондук соту Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын башчысынын өтүнүчүн канааттандырып, Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорт коллежинин (спорт мектеби) директору Айбек Ташматовду абакта калтырды.

20-апрелде «АКИpress» редакциясына райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ташматовдун №21 тергөө абагындагы мөөнөтү 15-июнга чейин узартылды.

Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча шектүү катары каралууда.

Социалдык тармакта Элдар Жакыпбековдун «40 чоро» деп аталган тобу тууралуу таратылган маалыматта анын аты да аталган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»