05:04, 21-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
17:14, 20-апрель, 2026 (4 адам окуп жатат)
Видео — Бишкекте кыз киши милиция менен мушташты
17:06, 20-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
Нургазы Анаркулов камактан бошотулду

«Пито» абакта калтырылды

На русском
15:54, 20-апрель, 2026 1295

АКИpress - Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-апрелде тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, «Пито» каймана аты менен белгилүү УКМКнын мурдагы кызматкерин камакта калтырды.

Райондук соттун басма сөз кызматы 20-апрелде «АКИpress» редакциясына билдиргендей, Д.С.Д. аттуу жарандын 21-тергөө абагындагы мөөнөтү 15-июнга чейин узартылды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча шектелүүдө.

Буга чейин социалдык тармактарда УКМКнын Бишкек шаары боюнча кызматынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун «40 чоросу» деп аталган спортчулар, ишкерлер жана милиция кызматкерлери камтылган видео тараган. Тизмеде аталган УКМК кызматкери «Пито» деген каймана ат менен көрсөтүлгөн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»