23:03, 20-апрель, 2026

Видео — Бишкекте кыз киши милиция менен мушташты

На русском
17:14, 20-апрель, 2026 1929

АКИpress - Бишкекте бейбаштыкка шектелген аял кармалды, деп билдирди 20-апрелде Октябрь райондук милициясы.

Окуя 18-апрелде Сухэ-Батор көчөсүндө болгон. Жаштар милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей, мушташ чыгарып, кызматтык автоунаага зыян келтиришкен.

Бул факт бейбаштык боюнча каттоого алынган. Шектүү катары 1995-жылы туулган Б.А. кармалды.

Ошондой эле майда бейбаштыкка шектелип 1995-жылы туулган Н.А. кармалды. Ал убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»