АКИpress - Бишкекте бир катар уурулук фактыларына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 13-апрелде түнкү саат бирлер чамасында Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан компьютердик клубдардын биринен кубаттоого коюлган «iPhone 14 Pro» үлгүсүндөгү уюлдук телефону уурдалган. Чыгымдын суммасы 130 миң сомду түзгөн.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча катталып, шектүү катары 1998-жылы туулган А.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө жүрүп жатат.