18:59, 23-апрель, 2026

Бишкекте төрт айдын ичинде 300дөн ашык мыйзамсыз курал алынган

На русском
16:03, 23-апрель, 2026 183

АКИpress - 2025-жылдын 30-декабрынан тартып 27-апрелге чейин Бишкекте «Арсенал» рейди өткөрүлүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Рейд курал-жарактын мыйзамдуу жүгүртүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүүгө, укук бузуулардын алдын алууга, ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыздоого багытталган.

Аталган мезгил аралыгында курал сактоо эрежелерин бузуу жана уруксат берүүчү документтердин мөөнөтү өтүп кеткен көптөгөн факт аныкталган. Жыйынтыгында КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 300дөн ашык протокол түзүлүп, 1 млн сом айып пул салынган.

Жалпысынан 300дөн ашык курал-жарак алынган.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»