02:50, 24-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
14:53, 23-апрель, 2026 (4 адам окуп жатат)
Бишкек шаарынын 148 жылдыгы кантип белгиленет?
16:01, 22-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Боксчу Дмитрий Бивол чемпиондук титулун коргойт

Иран Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерден алгачкы жыйымды алды

На русском
16:49, 23-апрель, 2026 443

АКИpress - Ирандын Борбордук банкы Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелер үчүн киргизилген жыйымдардан алгачкы кирешесин алды. Бул тууралуу Иран парламентинин вице-спикери Хамидреза Хажи Бабаи билдиргенин «Fars» агенттиги жазды.

22-мартта Иран бийлиги Ормуз кысыгы аркылуу бир нече кемени өткөргөнү үчүн 2 млн доллар жыйым ала турганын жарыялаган. Ирандын Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча парламенттик комиссиясынын мүчөсү Алаэддин Боружерди бул чечимди согуш акчаны талап кылат деген жүйө менен түшүндүргөн. Анын айтымында, деңиз коридорун кесип өтүү үчүн акы алуу кысыктагы жаңы суверендик режимди чагылдырат.

Өткөн аптада Иран Ормуз кысыгын кайрадан блокадага алды, ал эми АКШ республиканын портторундагы сооданы чектөөдө. Президент Дональд Трамп 22-апрелде америкалык-ирандык сүйлөшүүлөр жакынкы 36-72 сааттын ичинде болушу мүмкүн экенин айткан. 11-апрелде өткөн мурунку сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар макулдаша алган эмес. Трамптын айтымында, талаш маселелер Ирандын ядролук программасы жана Ормуз кысыгындагы кеме жүрүү эрежелери бойдон калууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»